ЖАҢЫ-АБАТ (Араван районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АБАТ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Түштүк Фергана каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км түндүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 34 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1519 (2022); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, соода түйүндөрү бар.