ЖАҢЫ-АБАТ (Базар- Коргон районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АБАТ – Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 560 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 16 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 49 км. Кыштак 1937-жылы негизделген. Калкы 1903 (2022); негизинен дыйканчылыкта, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория бар. Тегирмен, ак жуаз, май жуаз ж. б. иштейт.