ЖАҢЫ-АБАТ 2
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АБАТ – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Түш. Фергана каналынын боюнда, деңиз деңг. 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 10 км түн.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 34 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1582 (2007); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, соода түйүндөрү бар.