ЖАҢЫ-АКМАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АКМАН – Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округунун борбору. Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Калкы 3774 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашкана ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.