ЖАҢЫ-АЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АЛЫШ – Чүй облусунун Кемин районунда­гы кыштак. Жаңы-Алыш айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Ке­мин шаарчасынан 8 км батыш тарапта. Кыш­так 1922-жылы негизделген. Калкы 2163 (2022); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, бала бакча, клуб, китепкана, маданият үйү, дарыкана, ашкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл артисти К. Досумбаев, драматург Т. Абдумомунов туулган.