ЖАҢЫ-АРАВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРАВАН – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Алля Анаров атн. айыл округуна караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 10 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1921-ж. негизделген. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, мад-т үйү, ФАП бар.