ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ
ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Жаңы-Арттын башы мөңгүлөрү). Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн узундугу 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5335 м, этеги 3530 м бийикте. Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыраңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-жылдарда мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. Узундугу 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 м, этеги 3630 м бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдардагы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-жылдарда 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят.