ЖАҢЫ-АРЫК (Араван районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Маңгыт айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 16 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 2558 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, тегирмен, мончо иштейт.