ЖАҢЫ-АРЫК (Кара-Суу районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Куршаб суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 18 км чыгыш тарапта. Кыштак 1960-жылы негизделген. Калкы 7035 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамеки ферменттөөчү завод ж. б. иштейт.