ЖАҢЫ-АРЫК (Ноокен районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРЫК – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 7 км түштүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 2314 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.