ЖАҢЫ-АРЫК 2
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2150 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 135 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1347 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.