ЖАҢЫ-БАЗАР (Чаткал районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-БАЗАР – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылга чейин райондун борбору. Чат­кал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2688 (2022); не­гизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепка­на бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы м-н), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал кору­гунун администрациясы да ушул кыштакта жай­гашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбар­дын күмбөзү сакталган.