ЖАҢЫ-БАЗАР 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-БАЗАР – Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-ж. чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңг. 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыш-нан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы м-н), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.