ЖАҢЫ-БАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-БАК – Баткен районундагы кыштак. Са­маркандык айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 38 км түштүк-батыш тарапта. Ис­фара темир жол бекетинен (Тажикстан) 10 км. Кыш­так 1970-жылы негизделген. Калкы 2691 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП бар.