ЖАҢЫ-ЖЕР – УЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР – УЛАН – Ат-Башы өрөөнүнүн чы­гышындагы табигый кооз жер. Жаңы-Жер ж-а Улан сууларынын алабын ээлейт. Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңы-Жер тоолору м-н чек­тешет. Эки суунун кошулган жери деңиз деңгээлинен 2837 м бийикте жайгашкан. Ат-Башы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көк- Жайык деп аталат. Анын суу нугунан салыш­тырмалуу бийиктиги 30–40 м. Узундугу Көгөндү-Кыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Эки-Бала көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тек­теринен ж-а неогендин кызгылт түстүү чополо­рунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнок-Жар ата­лып, шиберлүү, суу бойлой өскөн карагай, ар­чалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Жаңы-Жер тоосунун батыш капталынын релье­фи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түз­дүктөрдүн калдыгы тектирден 1000 м өйдө жа­тат. Бул аймактын маңдайында Нарын тоосу­нан түшкөн Уландын тепши сымал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жогору (22 км), 3400 м би­йиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче суусунун өрөөнүнүн башындагы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгы­нан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (деңиз деңгээлинен 3077 м бийикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын узундугу 1,5 км, туурасы 300 м ке­лет. Жаңы-Жер өрөөнү м-н жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу ко­шулат. Бул өрөөнгө көч­күдөн пайда болгон дөбө­ чуңкурлуу рельеф мүнөз­дүү. Чуңкурлары саздак ке­лет. Жаңы-Жер тоосунда бир нече ашуу бар: Улар- Таш (3875 м бийикте), Ак- Байтал (3752 м), Кең-Суу (4025 м), Орто-Кашка-Суу (4042 м), Кашка-Суу (3970 м), Арчалы (3932 м). Ашуулар Жаңы-Жер – Уланды Ак-Сай өрөөнү м-н бай­ланыштырат. Климаты кескин континенттик, жайы салкын (июлдун орточо температурасы 10–15°С), кышы суук (январдыкы –15... –20°Сдей). Тоо­луу шалбаа, талаалуу субальп ж-а альп топу­рагы басымдуу. Жаңы-Жер өрөөнүнүн тескей бе­тинде суу боюна чейин карагай, арча, төө куй­рук, шилби, четин, тал өсөт. Бийик беттерге субальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү, Улан өрөө­нүнө сейрек жапалак арча, түркүн чөптүү жа­пыз өскөн шалбаа мүнөздүү. Өрөөндү Нарын, Ат-Башы райондорунун малы жайлайт. Автомо­биль жолу барат.