ЖАҢЫ-ЖЕР (Баткен районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ЖЕР – Баткен районундагы кыштак. Дара айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1955 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 35 км. Кыштак 1972-жылы негизделген. Калкы 3107 (2022); негизинен багбанчылыкта эмгектенет. Эки мектеп, китепкана бар. ФАП, мончо, турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү иштейт.