ЖАҢЫ-ЖЕР (Сокулук районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 610 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сокулук кыштагынан 79 км түндүк тарап­та. Шопоков темир жол бекетинен 77 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 6383 (2022); негизи­нен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто ж-а музыкалык мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар.