ЖАҢЫ-ЖЕР (Түндүк Муз океанындагы архипе­лаг)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР – Түндүк Муз океанындагы архипе­лаг (аралдар тобу). Баренц ж-а Кара (Карск) деңиздеринин аралыгында. Аянты 83 миң км2. Маточкин Шар ж-а көптөгөн майда аралдар м-н бөлүнгөн эки ири – Түндүк (48,9 миң км2) ж-а Түштүк (33,3 миң км2) аралдарынан турат. Бийиктиги 1547 мге чейин (Түндүк аралында). Аймагынын 1/4 ге жа­кын бөлүгүн муз каптап жатат, анын көбү Түндүк аралында. Көп бөлүгү арктикалык чөл зонасына, Түштүк аралынын бир аз бөлүгү арктикалык тундра зонасына кирет. Ак түлкү, деңиз айбанаттары (түлөн, суу арстаны) промысели бар. Куш «ба­зары». Уюлдук станциялар (Кичи Кармакула, Орус Гаваны, Үмүт тумшугу ж. б.) жайгашкан.