ЖАҢЫ-ЖЕР 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 610 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сокулук кыш-нан 79 км түн. тарап­та. Шопоков т. ж. бекетинен 77 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 5141 (2007); негизи­нен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто ж-а муз. мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар.