ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Манубалды ж-а Ак-Жол сууларынан Токтогул районунун чек арасына чейинки тоо капталдарын ээлейт. Аянты 30,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б-ды коргоо ж-а көбөйтүү максатында уюшулган.