ЖАҢЫ-ЖОЛ (Кочкор районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ЖОЛ – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Ак-Кыя айыл округуна караштуу. Кочкор суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагына туташып кетет. Балыкчы темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3231 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт.