ЖАҢЫ-ЖОЛ ( Аксы районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ , М а л - К а л д ы – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округунун борбору. Мал-Калды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен кыштагынан 20 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. Калкы 2555 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, дарыкана, амбу­латория бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.