ЖАҢЫ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1189 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.