ЖАҢЫ-ПАХТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ПАХТА – Чүй обл-нун Сокулук р-нун­дагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 35 км түн. тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 33 км. Кыш­так 1933-ж. негизделген. Калкы 3211 (2007); не­гизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мек­теп, оорукана, дарыкана, бала бакча, мад-т үйү, китепкана, ашкана, турмуш тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.