ЖАҢЫ-ТАЛАП (Ак-Талаа районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАП – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Жаңы-Талап айыл округу­на караштуу. Куртка суусунун оң өйүзүндө, На­рын – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2346 (2022); негизи­нен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана, маданият үйү бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыш­такта Кыргыз эл жазуучусу Ш. Бейшеналиев туулган.