ЖАҢЫ ГВИНЕЯ
ЖАҢЫ ГВИНЕ́Я (индонезиялыктардын тилинде И р и а н) – Тынч океандын батышындагы арал. Чоңдугу б-ча Жер шарында Гренландиядан кийинки 2-арал. Аянты 829 миң км2 (башка маалымат б-ча 771,9 миң км2). Уз. 2 миң кмден ашык, туурасы 700 кмге чейин. Батыш бөлүгү Индонезиянын (Батыш Ириан), чыгышы Папуа-Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Калкы 3 млндон ашык. Аралды жээктей батыштан чыгышты карай бийикт. 5029 мге жеткен тоолор (Жая чокусу) созулуп жатат, аракеттеги жанартоолор бар. Түштүгүн кенен ойдуң ээлейт. Климаты экватордук, субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны тоолордо 4000 ммден ашык. Дарыялары сууга мол (Мамберамо, Сепик, Дугил, Флай); төмөнкү агымдарында кеме жүрөт. Флорасы м-н фаунасы өтө ар түрдүү, нымдуу тропик токою, бийик тоолуу бадалдар, түштүгүнүн айрым жерине саванналар мүнөздүү. Ямс, жүгөрү, батат, какао ж-а кофе, каучук дарактары өстүрүлөт, кокос плантациясы бар. Нефть казып алынат. Балык кармалат. Негизги шаарлары: Порт-Морсби, Маданг (Папуа – Жаңы Гвинея), Соронг, Жаяпура (Индонезия).