ЖАҢЫ ГЕБРИД АРАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ ГЕБРИ́Д АРАЛДАРЫ – жанартоонун атылышынан пайда болгон архипелаг. Тынч океандын түш.-батыш бөлүгүндө. Вануатуга карайт. Аянты 14,8 миң км2, бийикт. 1860 мге чейин. 60ка жакын жанартоо бар, анын 10у аракетте. Климаты тропиктик, нымдуу. Абанын айлык орт. темп-расы 20–27°С. Жылдык жаанчачыны 1000 мм. Түндүгүндөгү аралдарын тропик токою, түштүгүндөгүлөрүн саванна ээлейт. Калкы 200 миңдей (2008). Бал камыш, кофе, какао, пахта өстүрүлөт. Эфат а-нда Вануатунун адм. борбору ж-а порту – Вила ш. жайгашкан. Ж. Г. а-н 1606-ж. португалиялык деңиз саякатчы П. Кирос ачкан; 18-к-дын 70-жылдарында Ж. Кук изилдеп, атын койгон.