ЖАҢЫ ДҮЙНӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ ДҮЙНӨ – Түн. ж-а Түш. Американы камтыган дүйнө бөлүгүнүн жалпы аты. 1503-ж. деңиз саякатчысы А. Веспуччи тарабынан (европалыктарга мурун дайын болгон Эски дүйнөгө карама-каршы) сунуш кылынган. Бул аталыш адегенде португалдар ачкан Түш. Америка материгинин бир бөлүгүнө гана таандык болсо, кийинчерээк Түн. Американы да камтыган.