ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын түштүк-батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) ж-а Түштүк (150,6 миң км2) аралдарын, ошондой эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер ж. б.) ж-а обо-

чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмп­белл ж. б.) аралдарды ээлейт. Жаңы Зеландияга Тынч океан­дын борбордук бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ аралдары да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 5,2 млн. (2023). Борбору – Веллинг­тон. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Административдик-аймактык жактан 16 районго бөлүнөт.


(Таблица кетет)

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)

Жаңы Зеландия – БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банк­тын, ЭВФтин, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951–86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Жаңы Зеландия – Шериктеш­тикке кирген конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан ту­рат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и пар­тиялык тизме м-н, 7 депутат маорилерден шай­ланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр баш­карган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт.

Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-жылы негизделип, социалдык реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийлик­те. Улуттук партия 1936-жылы негизделип, ири иш­керлерге ж-а фермерлерге таянат. Жаңы Зелан­дия партиясы 1993-жылы уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеа­роа»(«Биздин мурас») саясий кыймылы 1974-жылы түзүлгөн.

Табияты. Жаңы Зелан­диянын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн

Окленд – порт шаар.

ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк аралында­гы Түштүк Альп тоосу (бийиктиги 3664 м, Кук чоку­су). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк аралында тоолор азыраак, борбордук бөлүгүнөн Жанартоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракет­теги жанартоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк аралында ж-а Түштүк аралынын түндүк бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында – мелүүн. Айлык орточо температурасы 5–12°Сден 14–19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында – 2000–5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанартоолор­дон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал ж-а шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүм­дүктөр түрүнүн 3/4 ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптө­гөн улуттук парктарда ж-а коруктарда флора м-н фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү кор-


гоого алынган. Жаңы Зеландиянын эмблемасы катары ка­натсыз киви алынган. Гейзерлер ж-а ысык бу­лактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн ту­ристтер келет.

Калкынын негизин жаңы зеландиялыктар же англиялык-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) ж-а мао­рилер (15%) түзөт, ошондой эле англистер, шотландык­тар, голланддар жашайт. Мамлекеттик тили – англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72%тейи Түндүк аралында, 28%тейи Түштүк аралында жа­шайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар

Түндүк аралындагы ысык булактар чыккан жер.

калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң).

Тарыхы. Жаңы Зелан­дияга 10–14-кылымдарда Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-жылы Жаңы Зелан­дияга европалыктардан алгачкы жолу голланд де­ңиз саякатчысы А. Тасман барган. 1769-жылы аны англиялык саякатчы – Ж. Кук изилдеген. 1839-жылы британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-жылы Жаңы Зелан­дия Улуу Британиянын колониясы деп жа­рыяланган. 1843-жылы англиялык колониячыларга кар­шы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-жылы гана басылган. 1907-жылы Жаңы Зелан­дия доми­нион статусуна ээ болуп, 1931-жылы сырткы ж-а ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945- жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин Улуу Британия м-н саясий бай­ланышы начарлап, АКШ м-н саясий ж-а ас­кердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Ко­рея согушуна (1950–53), Вьетнам согушуна (1965–70) катышкан. Жаңы Зелан­дия өкмөтү Тынч океан­дын түштүк бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу ке­лишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демил­гечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык ж-а региондук тынчтыкты ж-а ко­опсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо ж-а аларды сыноого каршы маселелер боюнча ту­руктуу көз карашта.

Экономикасы. Жаңы Зелан­дия – айыл чарбасы жогорку деңгээл­де өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДП 97 млрд

АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65%, өнөр жайыныкы 25,8%, айыл чарбаныкы 8,6%. Калктын 10%ке жакыны а. чарбасында, 25% өнөр жайында, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004). Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш, жы­гач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, тек­стиль. Тез темп м-н өнүгүп жаткан балык өнөр жайынын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-жылы 32,4 млрд кВт·с электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магне­титтүү кум, алтын, күмүш ж. б. казылып алынат.
Айыл чарбасынын негизин жа­йытта асыралчу эт-жүн ба­гытындагы уй ж-а кой чар­балары түзөт. Алдыңкы технология м-н жабдылган айыл чарба сектору негизинен экспортко багытталган. Жаңы Зелан­дия – эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүй­нөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Ав­стралиядан кийинки 2- орунда), кой этин экспорт­тоочу дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүк­төрү, буудай, арпа, сулу өс­түрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат.
Жаңы Зелан­дия сырткы сооданын өлчөмүн киши башына бө­лүштүргөндө дүйнөдө ал­дыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жа­кынын түзөт.
Автомобиль жолунун узундугу 91,9 миң км, темир жолу­нуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Ок­ленд, Литтелтон.
Экспортунун структура­сында эт-сүт продукция­лары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуу­лук кылат. Сырттан өнөр жай товарларын – машина, жабдуу, транспорт кара­жаттарын сатып алат. Бу­лар жалпы импорттун 40%ин түзөт. Сырьё, нефть­химия продукцияларын да сатып алат.
Негизги соода шериктеш-

Жаңы Зеландия акчасы.
Уаиракен геотерм станциясы.
Кой жайыты.

тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Республикасы, АСЕАН өлкө­лөрү.

Маданияты. Жаңы Зелан­дияда 6–15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамлекеттик ж-а жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, университеттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 университет бар, алар Веллингтон, Ок­ленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин шаарларында. Өлкөдө 5 борбордук ж-а 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, ошондой эле мезгилдүү ж-а атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезит­тери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс»

Англикан собору.

(50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамлекетке 2 жалпы улуттук радиопрограмма, ошондой эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык ра­диостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) ж-а 3 спут­никтик телеберүү каналы б-ча жүргүзүлөт.
Адабияты 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып анг­лис тилинде өнүккөн. Маори элинин фолькло­ру сакталган. Турак жайларды, чакан курулуш­тарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдар­ды түрлөнтө оймо-чиймелер м-н кооздоо – мао­ри маданиятынын мүнөздүү белгиси. 19-кылымдын 2-жа­рымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм м-н неоготика духундагы үйлөр азыркы имарат­тар м-н алмашылган. Жаңы Зелан­диянын жергиликтүү эли – мао­рилердин музыкалык өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-кылымда Евро­па музыка маданияттынын таасиринде калыптанып,

Жергиликтүү маорилер.

Жергиликтүү маорилер.


өнүккөн. Профессиялык театры 20-кылымда пайда болгон. 20-кылымдын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, университеттер м-н мектептердин алдын­да ышкыбоздордун драма ж-а опера труппала­ры түзүлгөн. 1898-жылы алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-жылы Веллингтондо мамлекеттик алгач­кы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт га­лереясы (транспорт ж-а техника музейлери м-н), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтон­до улуттук искусство галереясы, Улуттук музей (эт­нографиялык жана табигый тарыхы жаатындагы экс-

понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар.

Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономико­географическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005.