ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ КАЛЕДО́НИЯ – Франциянын ээлиги; Тынч океандын түштүк-батышындагы аралдар то­бу. Меланезияга кирет. Жаңы Каледония аралын, Луайоте, Пен ж. б. аралдарды камтыйт. Жал­пы аянты 19 миң км2. Калкы 289,8 миң (2023); негизинен канакилер (меланезиялыктар), ошондой эле европалыктар, вьетнамдар, индонезиялыктар ж-а полинезиялыктар (3%) да бар. Католицизм

ж-а протестантизм диндерин тутат. Расмий ти­ли – француз тили. Административдик борбору – Нумеа шаары. Административдик-аймактык жактан 3 провинцияга (Түндүк, Түш­түк, Луайоте аралы)

бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Жаңы Каледония аралы шуру рифтери м-н курчалган; батышында анын узундугу 600 кмден ашык. Эң би­йик жери деңиз деңгээлинен 1628 м (Жаңы Каледония аралында). Климаты тропиктик. Айлык орточо темп­ературасы кышында 24–26°С, жайында 20°С. Жыл­дык жаан-чачыны чыгышында 3000 мм, баты­шында 700 мм. Тропиктик ураган болуп турат. Ийне жалбырактуу ж-а сейрек токой, бийик өс­көн өсүмдүктөр мүнөздүү.
Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогор­ку комиссар башкарат. Аралды 1774-жылы Ж. Кук ачып, Шотландиянын байыркы аты м-н (Кале­дония) атаган. 1853-жылы Франция ээлиги деп жа­рыяланган. 1864–96-жылдарда сүргүнгө айдалчу жер ка­тары пайдаланылган. 1946-жылы Франциянын «де­ңиздеги алыскы аймагы» деген статус алган.
ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 2%тей, өнөр жайыныкы 22,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү

Жаңы Каледония акчасы.
Жаңы Каледониянын ландшафты.

72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Никель өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда (жалпы запасы 50 млн т); ошондой эле темир, хром, кобальт, марганец, цинк, коргошун казылып алынат. Металлургия өнөр жайы, айыл чарба сырьёсун иш­тетүүчү, тактай тилүүчү заводдору, эмерек фабрикасы, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт.
Айыл чарбасында экономикалык активдүү калктын 20%и иш­тейт. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: жашылча, мөмө-­жемиш, дан өсүмдүктөрү, кокос пальмасы, кофе, ваниль. Уй, чочко, кой асыралат. Азык-түлүк­түн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жы­лына 3 миң тдай балык кармалат.
Жолунун жалпы узундугу 5432 км. Нумеа шаарында аэро­порт бар. Жыл сайын Жаңы Каледонияга 100 миңге жакын

чет элдик турист (француздар, япондор, австра­лиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б.) келет. Никель, рудасы ж. б. экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр-техника, азык-түлүктү сырттан алат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Япония, Австралия, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, Сингапур. 1974-жылы никель кенин иштетүүнү жергиликтүү баш­карууга өткөрүүнү талап кылган жалпы элдик көтөрүлүш болгон. 1981-жылы француз өкмөтү Жаңы Каледонияга көз каранды эместикти берүүгө убада берген. 1998-жылы майда Нумеа шаарында Франция­нын премьер-министри Л. Жоспен келишимге кол койгон. 1998-жылы 8-ноябрда референдум (ке­лишимди колдоо боюнча) өткөрүлүп, аны эл толу­гу м-н колдогон. 15–20 жылдын аралыгында Жаңы Каледониянын эгемендүүлүгү акырындап кеңейип, толугу м-н көз каранды эместикке жетише ал­ган. Беш жогорку окуу жайы иштейт.

Ад.: Новая Каледония // Все о странах мира. Атлас справочник. М., 2006.

Р. Карачалова.