ЖАҢЫ ОРЛЕАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ ОРЛЕА́Н – АКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн Ъдан ашык жүк ташы­лат). Луизиана штатында. Калкы 484 миң (1994, шаар айланасы м-н 1,3 млн). Эл аралык аэро­порту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы ж-а соода борбору. Нефть ажыратуу, хим., тамак-аш, машина куруу, түс­түү металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, музейлер (а. и. иск-во, Луизиана шта­тынын) бар. Шаар 1718-ж. француздар тарабы­нан негизделген. 1764–1800-ж. Испаниянын ээлиги. 1800-ж. фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-к-дын курулуштары («француз квар­талдары») сакталган.