ЖЕБЕЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБЕЛ – үңкүр; көп катмарлуу археологиялык эсте­лик. Түркмөнстандын Жебел шаарчасынан 4 км алыстыкта. 1949–1950-жылдары археолог А. П. Окладни­ков изилдеген. Төмөнкү 6 мезолиттик катмар­дан көп сандаган мезолиттик типтеги оттук таштан жасалган ар кандай куралдар, үстүңкү мезолиттик катмардан кууш түптүү буюмдар та­былган. Жебел эстелигинин жогорку катмарында неолит убагы менен коло доору башталган кездеги өзүнчө бир катмар жаткандыгы эсепке алынган.