ЖЕБЕЛГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБЕЛГЕ , к о ё н т о м у к (Clematis) – өсүм­дүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бадал, чала бадал. Сабагы агыш, 4 кырдуу тик же чырмалып же жарым-жартылай жармашып өсөт. Жалбырагы канат сымал татаал кесил­ген, кээде түктүү. Сабына тушташ жайгашат. Гүлү жалгыз же топтошуп, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү – узун саптуу, түктүү жаңгакча­лар; алар топтошуп. жибек сымал барпайган башчаны түзөт. Батыш Европада деңиз жээгин­де өстүрүлүүчү 2000ден ашык сорту, түрчөсү бел­гилүү. Крым жээгиндеги Никита ботаникалык багын­да кургакка, зыянкечтерге чыдамдуу 150дөн ашык гибрид сортторунан турган коллекциясы бар. Ал көпкө чейин гүлдөйт. Айрымдарынын гүлдөрүнүн диаметри 22 смге жетет, Кыргызстанда 5 түрү бардык аймактарда кездешет. Тоонун таш­туу бетинде, капчыгайларда өзөн суулардын бо­юнда өсөт. Жебелгенин бардык түрү уулуу.