ЖЕБИЛГЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕБИЛГЕ (к и с т ь) – сүрөтчүнүн живопись техникасынын түрдүү талаптарына атайын ыңгайлаштырылган эң маанилүү аспабы. Жасалыш материалына карай жебилге катуу (жоон кылдуу), жумшак (күзөн, кашкулак, эчки, тыйын-чычкандын терисинен узатасынан жасалган жана башкалар); формасы боюнча – жалпак жана тегерек, учтуу жана шуштугуй эмес; кылынын узундугуна карата – кыска жана узун болуп бөлүнөт. Жебилгенин көлөмү станок живописи үчүн 24кө чейин жеткен, көбүрөөк жуп сан менен белгиленген атайын номер жана аталыштар (мисалы, Флейц) менен берилет, гравюрада өзгөчө зым жана айнек жебилгелер колдонулат. Кээде (көбүнчө графикада) «жебилге» термини аткарылыш ыкмасын (мисалы, кургак) көрсөтөт.