ЖЕЗ
ЖЕЗ (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 29, атомдук массасы 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu ж-а 64Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10–2%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Жез – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгыздыгы 8,96 г/см3; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Кадимки температурада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu2O же негиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука кабыкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирикмелери Cu2O (чала оксиди), CuО2 (өтө оксиди). Жез кадимки температурада галогендер, күкүрт м-н оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl2) ж-а сульфиддерди (Сu2S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку температурада да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз кислоталары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концентраттык ысык күкүрт кислотасында эрип, жез сульфатын (CuSО4) пайда кылат.
Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo4 –
5Н2O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү жез туздары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окистенет же эки валенттүү жез туздарына чейин ажырайт. Эки валенттүү жез туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu + көк түстө болот. Маанилүү минералдары: Сu2S – жез жалтырагы; CuFe S2 – жез колчеданы; CuS – каве ли т; CuCO3·Cu(OH)2 – малахит; CuCO3·2Cu(OH)2 – лазурит ж. б. Өнөр жайында жез сульфидине кычкылтекти таасир этип, андан пайда болгон чала оксидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2; 2) Сu2S + 2Cu2O == 6Cu + SO2. Таза жез жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгондуктан, өнөр жайында кеңири колдонулат. Ошондой эле химиялык аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга туруктуу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.