ЖЕЗКАЗГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗКАЗГАН – Казакстан Республикасындагы шаар. Ка­раганды облусунда. Сары-Суунун оң куймасы – Ка­ракеңирдин жээгинде жайгашкан. Калкы 86, 9 миң (2022). 1939-жылы негизделген. 1954-жылдан шаар. Темир жол бекети. Өлкөнүн өнөр жайы өнүккөн шаар­ларынын бири. Түстүү металлургия, химия, электр жабдыктары, «Улуу-Тоо» казак-кытай жеңил өнөр жай бирикмеси, тамак-аш, полиграфия өнөр жай иш­каналары иштейт. Университет, институт, медициналык коллеж, ке­сиптик-техникалык окуу жайлары, китепканалар, та­рых-край таануу музейи, кинотеатр, спорт са­райы, ботаниикалык бак ж. б. бар.