ЖЕЗ-ТАШ ДООРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЗ-ТАШ ДООРУ , х а л к о л и т (гр. chalkjs – жез ж-а lithos – таш э н е о л и т, лат. aeneus – жез ж-а гр. lithos – таш) – неолиттен коло дооруна өткөн мезгил. Таш куралдары али басымдуулук кылса да, жезден жасалган алгачкы металл буюмдар пайда боло баштайт. Б. з. ч. 4-миң жылдыкта Чыгышта (Түш. Иран, Түркия, Месопотамия, Түркмөнстан), б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта Европада жезди ж-а колону өндүрүү кыйла калыптанган.