ЖЕЗ КЕНТАШТАРЫ
ЖЕЗ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө жез металлы бар табигый минералдардын ж-а тоо тектердин чогундусу. Жез жаратылышта 170ке жакын минералда кездешет, алардын 17си (таза жез, борнит, халькопирит, халькозин, ковеллин, куприт, малахит, азурит ж. б.) өндүрүштүк мааниге ээ. Ж. к. түрдүү геол. шарттарда (магма, карбонат, скарн, гидротерм, колчедан, стратиформдук) пайда болуп, ар кандай мезгилдеги тоо тектерде жолугат. Ж. к-нын курамында жез минералдарынан башка пирит, пирротин, цинк, коргошун, никель, кобальт, молибден, сурьма
ж. б. болот. Ж. к. текстуралык түзүлүшү б-ча м а с с и в д ү ү (жездин өлчөмү 3%тен ашык) ж-а т а р а м ч а-б ү р т ү к ч ө л ү ү (0,4–2%) болуп айырмаланат. Пайда болуу шарттарына, кенташ тулкуларынын морфологиясына ж-а курамына жараша бир нече өндүрүштүк типке бөлүнөт: тарамча-бүртүкчөлүү (жездин орт.
өлчөмү 0,3–2,0%), жездүү кумдук ж-а сланецтер (стратиформдук, 1,5–6,0%), жез колчеданы (1,5–8,0%), жез никелдүү (сульфиддүү, 1–2% ж-а андан көп), полиметаллдуу (0,5–4%), кварцсульфид тарамдары (2–5%), скарн (2–3% ж-а андан көп) ж-а ар кандай типтеги кенташтар (жез-ванадийлүү, жез-кобальттуу, жез-висмуттуу, жез-темирлүү, жез-алтындуу ж. б.). Кору ж-а казып алынышы б-ча тарамча-бүртүкчөлүү кенташ башкы орунда турат.