ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ – негизи жез болгон куй­малар. Жез куймаларына калай, цинк, алюминий, корго­шун, никель, марганец, темир, фосфор, крем­ний жана башка элементтер кошулат. Жез куймалары латунь, коло жана жез-никель куймалары болуп бөлүнөт. Легирлөөчү элементтерге жараша жез куймалары. жогор­ку электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүккө ээ, ошондой эле ийкемдүү, бышык жана дат басууга турук­туу. Окистенүү-калыбына келтирүү үчүн эритин­диге бир аз (%тин ондон бир үлүшүндө) фосфор кошулат. Жез куймалары деформациялануучу жана куюл­ма болуп айырмаланат. Деформациялануучу жез куймаларынан жумуру жана жалпак уютмалар кую­луп, басым аркылуу иштетилет да, калдыркан, түтүк, зым жана башкалар жасалат. Куюлма жез куймаларынан металл формалар, фасондуу тетиктер, кооз буюмдар жана айкелдер даярдалат. Жез куймалары автомобиль, ар кандай машина жана кеме куруу­да, электр-техника өнөр жайында, суу жана буу аппарат­тарын жасоодо колдонулат.