ЖЕЙРЕН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЙРЕН (Gazella subgutturosa) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт

эмүүчү. Дене узундугу 94–115 см, бийиктиги 60–75 см, салмагы 33 кгга жетет. Жейрен – тулку бою келишкен сымбаттуу жаныбар. Эркегинин мүйүзү кара, шакек сымал кырчоолонуп өсөт, узундугу 40 смге чейин. Ургаачысынын мүйүзү жок. Борбордук Азиянын чөл ж-а жарым чөлдөрүндө таралган. Кыргызстандын түндүгүндүгүндө, Фергана өрөөнүнүн Лейлек, Кызыл-Өтөк, Кара-Сай, Ак-Чечек ж. б. жерлеринде кездешет. Кургак, чөлдүү, таштуу талааларды, кокту-колотту, адырды мекендейт. Жазында 1–2, чанда үч улак тууйт. Азыр бардык жерде саны азайып кеткен. 1948-жылдан бери коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.