ЖЕЙТУН
ЖЕЙТУН – биздин заманга чейин 5 миң жыл мурда дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесип кылгандар мекендеген жай. Жейтун Ашхабад шаарынын 25 км түндүк- батыш жагында. 1952-жылы Түштүк Түркмөнстандын археологиялык экспедициясы изилдеген. Жейтундан бир бөлмөлүү дубал тамдардын, таштан жасалган эмгек куралдарынын калдыктары, буудай м-н арпанын даны, жапайы ж-а үй жаныбарларынын сөөктөрү табылган. Жөнөкөй геом. чиймелер м-н кооздолгон карапа идиштер, жаныбарлардын топурактан жасалган

кичинекей айкелдери да көп кездешкен. Жейтундун Алдыңкы Азиянын бул типтеги байыркы эстеликтери менен көп окшоштугу бар.
Ад.: Массон В. М. Поселение Джейтун. Л., 1971;
Новые исследования на поселения Джейтун. Ашгабат, 1992; Неолит Северной Евразии. М., 1996.