ЖЕКЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕН (Typha) – жекендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Жекендин 15 түрү бел­гилүү. Тамыр сабактуу, сабагы жоон, бийиктиги 3 мге жетет. Жалбырагы тасма сымал узун, ич­ке. Гүлү майда, топ гүлү – сото, сотонун төмөн жагында аталык гүлдөрү жайгашат, уругу үпү­лүү. Кээси сууда, айрымдары саздуу жерде өсөт. Малга жакшы тоют, кээ бир түрү – отоо чөп. Жекен көбүнчө субарктика, мелүүн ж-а тропик ал­кактарга мүнөздүү. Кыргызстанда 7 түрү бар. Анын ичинен жазы жалбырактуу ж-а ичке жалбы­рактуу жекен эң көп таралган. Саздак жерлерди өздөштүрүүнүн кесепетинен жекендин айрым түрү азайып кеткен. Алар биосферанын тең салмак­туулугун сактоодо мааниси чоң. Жалбырагынан төшөнчү, чий согулат, крахмалдуу тамыр-саба­гы желет, сотосунун бүрлөрү жаздыкка салы­нат, ар кандай баш кийимдерди токууда ж-а кагаз өндүрүшүндө колдонулат.