ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ
ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ , а й р ы м т у у н д у – дифференциалдык эсептөөдөгү бир гана аргумент өзгөрүлгөндө бир нече өзгөрүлмөнүн функциясынын өзгөрүү ылдамдыгын мүнөздөөчү түшүнүк. Көп аргументтүү (көз каранды эмес чоңдуктардын) u=f(x1, x2,..., xn) функциясынын xi (i=1, n)ден башка бардык аргументтерин турактуу деп эсептеп, xi б-ча алынат. Ал du/dxi,
f′(x), i=1, ..., n деп белгиленет. Көп өзгөрмөлүү функциялардын эң жөнөкөй – эки аргументтүү z=f (x, y) функциясы (x0, y ) чекитинин аймагында аныкталса, y=y0 деп алынса, f(x, y0) функциясы x өзгөрмө чоңдугуна көз каранды болот.
Эгер f(x, y0) функциясы x0 чекитинде туундуга ээ болсо, анда ал туунду f(x, y) функциясынын (x0, y0) чекитиндеги x боюнча алынган жекече туундусун берет, ал төмөнкүчө белгиленет: fх′(х0, у0) же ∂f(x0, y0 ) . ∂x
Ад.: Бөрүбаев А., Бараталиев К. ж. б. Математикалык анализ. 1-бөлүм. Б., 2002.