ЖЕКЕ-МИСТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕ-МИСТЕ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 635 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыштагынан 30 км батыш та­рапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 35 км. Кыш­так 1930-жылы негизделген. Калкы 3526 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки мек­теп, китепкана, ФАП бар.