ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ
ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ – жеке маалыматтарды көзөмөлдөөчү түзүлмө. Анын жолугушуулар, аткарылуучу иштин тизмеси, телефон сүйлөшүүлөрү, болжолдуу багыт же келечектеги долбоорлор ж. б. түрү бар. Колдонуучу мурда жеке маалыматты көзөмөлдөөнү айрым жумушту көзөмөлдөгөн программаны бир пакетке бириктирүү м-н уюштурган. Маалымат көп түрдүү болгондуктан, жеке маалымат башкаргыч бардык аракеттерди аткартууга жөндөмсүз. Ошондуктан программалар төмөнкү элементтерди ж-а мүмкүнчүлүктөрдү: жолугушуу мөөнөтүн, электрондук жазуу китепчесин, менеджерге берилиш м-н издөөнү гана сунуш кылат. Айрым жеке маалымат программа пакеттери телефон номурун терүү ж-а электрондук почта сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Жолугушуу календары күн же убакыт ичиндеги аракеттерди чектөөгө, электрондук жазуу китепчелери түшүндүрмөлөрдү (комментарийлерди) жазып турууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүгү эки иш чара бир учурга дал келип калса, ал жөнүндө эскертип турат. Жеке маалымат башкаргыч пакеттерине Microsoft Quit Look, Ecco Pro ж-а Lotus Organizer кирет.