ЖЕКЕ САКТАНУУ КАРАЖАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕ САКТАНУУ КАРАЖАТТАРЫ – өндү­рүштөгү кесиптик зыяндуу ж-а опурталдуу кыр­сыктардан сактоого багытталган атайын кийим ж-а ылайыкташтырылган жабдыктар. Эмгек шартын жакшыртуучу негизги чараларга ко­шумча катары колдонулат. Ж. с. к. – башты, көздү, кулакты, дем алуу органдарын колду, бутту ж-а терини сактоочу болуп бөлүнөт. Баш­ты сактоодо – коло, өтө бышык пластмасса, дюралюминийден жасалган каскалар, ысык цехте – кийизден; к-та м-н иштегендерге – ноо­ту калпак; чаңдан, ысык-сууктан – жоолук ж. б. баш кийим; көздү – бышык ж-а нурларды чыпкалоочу атайын айнектен көз айнек, кал­канч; кулакты – ызы-чуудан коргоодо кулак калканын басып туруучу, сырткы угуу өткөөлүн бүтөгүч тыгын; кулакты, башты бирге сактоо­чу – шлем; дем алуу органдарын чаңдан – түрдүү чыпкалоочу респираторлор, ууктуруучу газдар­дан – противогаз, колго – туюк мээлей, кол­кап, чечме жең ж. б.; бутка резинадан, кийиз­ден, териден тигилген бышык, эптүү бут кийим колдонулат, к. Атайын кийимдер.