ЖЕКИШЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКИШЕВА Сагын Жекишевна (15. 8. 1948-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Арашан кыштагы) – тех­ника илимдеринин доктору (1995), профессор (2000). КРдин инженердик академиясынын академиги (2004). КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2006). Москвадагы кооперация институтун (1971), Москва­дагы Плеханов атындагы эл чарба институтунун аспиран­турасын бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра баш­чысы, доцент (1971–95); Кыргыз кооперация ака­демиясында ректор (1997–2003); КМКТАУда ка­федра башчы, профессор, КАУда декан, институттун ди­ректору (2003–04) болуп иштеген. 2006-жылдан КРСУда профессор. Фарфор өндүрүшүнүн негиздери, карапа материалдарынын технологиясы боюнча адис. Республикада карапа өнөр жайын чыңдап, өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын негиздеген. 150 дөн ашык илимий иштердин, 8 монографиянын ж-а 3 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Фарфоровые камни Кыргызской Республики – новое нетрадиционное керамическое сырьё. Б., 1994; Физико-химические аспекты технологии алюмосили­катной керамики. Б., 2008.