ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 20 км түш.-чы­гыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк кап­талында, деңиз деңгээлинен 2300–2400 м бийикте жай­гашкан. 1932-жылы табылып, 1947-жылы геологиялык чал­гындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пай­далуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, ка­лыңдыгы 105 мге чейин. Химиялык курамы боюнча эки түргө бөлүнөт: биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза; дубалдарды актоочу аки­таш алууга жарамдуу. Экинчиси – арасында чопо кездешкен акиташ теги; андан дубал бетин кооз­доп каптоочу такта, цемент сырьёсун алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 806 миң т.