ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Желаргы кыштагынан 4 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлдинен 1550 м бийикте жайгашкан. 1962-жылы табылган. Узундугу 300 ж-а 80 м, калыңдыгы 45 ж-а 4 м болгон базальттуу порфириттин эки дайкасы палеоген катмарынын арасында жатат. Химиялык-технологиялык сыноонун негизинде порфириттен минералдык кебез алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжолдуу запасы 0,5 млн м3.