ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИ́Т КЕНИ , Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Желаргы т. ж. бекетинен 2,5 км түш.-батышта жайгашкан. 1982–83-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен соңку палеозойго таандык граносиениттен турат. Физ.-мех. касиеттери: тыгыздыгы 2,77 г/см3, орт. тыгыздыгы 2,65–2,95 г/см3, суу сиңирүүсү 0,3–0,4%; көзөнөктүүлүгү 4%, кургак абалда баскандагы бекемдик чеги 123,5 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 102 МПа, суукка чыдамдуулугун – 104,6 МПа. Граносиениттер оор бетонго шагыл катары пайдаланууга жарайт. Бекитилген запасы – А+В+С категориясы б-ча 5374 миң м3.